6 августа 2021
Египетте колукту сүйүктүүсүнө баш кошкондон кийин бир саат өтүп эле көз жумган. Бул тууралуу The Mirror басылмасы жазды.
Окуя Бени-Суэйф провинциясында болду. 21 жаштагы Исра Шаабан жаңы үйгө келгенде өзүн жаман сезе баштаган. Ал жакындарына чарчап жана көкүрөгү ооруп жатканын айтып, үлпөт көйнөкчөн эси ооп жыгылган.
Аны дароо ооруканага алып барышканда медиктер жүрөгү кармаганын айткан. Дарыгерлердин көргөн аракетине карабай ал өзүнө келген эмес.
Шаабанын күтүүсүз өлүмү туугандары менен жакындарын катуу таң калтырган. Колукту ак тоюнун эртеси жерге берилип, бүт айыл акыркы сапарга узатууга келгени айтылат.