УКМК Бишкектеги 15 вебкам-студияны басып кирди. Тинтүү учурундагы видео

5 августа 2021 УКМК Бишкектеги 15 вебкам-студияны басып кирди. Тинтүү учурундагы видео

УКМК Бишкек шаарында уюштурулган 15тен ашуун вебкам-студиянын ишин токтотту. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, мындай иштерди Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн жарандары уюштуруп, интернет айдыңында онлайн интимдик кызмат көрсөтүү шарты менен жаш кыздарга жогорку маяна сунуштап келишкен.

ВИДЕО

"Ошол эле учурда бир эле вебкам-студиянын күнүмдүк көмүскө кирешеси 90-100 миң долларга жетип турган. Кызмат көрсөткөн кыздарга болгону анын 5-10 пайызын гана беришкен. 3-августта ыкчам-тергөө иштеринин алкагында бир жумалык акыны бөлүштүрүп жатканда кылмыштуу топтун негизги уюштуруучулары кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Кармалгандардын турак жайын жана батирди ижарага алып студия катары иштетип жаткан жерин тинткенде 27 миң доллар табылган. Бул акча персоналга төлөөгө жана онлайн түрүндө интимдик кызмат көрсөтүү үчүн компьютердик жабдууларды сатып алууга жумшалмак.

Тергөө учурунда уюштуруучулар тапкан кирешесин кыймылсыз мүлк объектилери жана башка материалдык баалуулуктар менен адалдап жүргөнү аныкталды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында негизги уюштуруучу П.И. кылмыштуу кирешени адалдоого шектүү катары убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда ишке тиешеси бар башка адамдарды да аныктоо иштери жүрүп жатат.

"Соңку жылдары вебкам индустриясы жаш муунду көп акча төлөө менен азгырууда. Акыр-аягы жаш кыздар кылмыштуу ишти уюштуруучулардын торуна түшүп, чыга албай калып жатат. Аларды интимдик видеолорун социалдык тармактарга таратам деп шантаж кылып кармап турат", — деп билдирди УКМК.

Атайын кызмат купуялуулукка жана коопсуздукка кепилдик берүү менен мындай кырдаалга тушуккан жарандарды УКМКнын нөөмөт кызматына чалууну суранат. Телефон номери: 0312 66-04-75.



sputnik