Окуучулар сентябрда кадимки тартипте окуйбу? Министрликтин жообу

5 августа 2021 Окуучулар сентябрда кадимки тартипте окуйбу? Министрликтин жообу

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова окуучулар менен студенттер 1-сентябрдан тарта кандай тартипте окуй турганын айтты.

"Биз бул маселеде эки факторду эске алдык. Биринчиси — педагогдорду эмдөө. Кыргызстанда 120 миңге чукул мугалим иштейт. Азыркы тапта анын 60 пайызынан көбү вакцина алды. Калган бөлүгү да медиктердин уруксаты менен эмделет деп ойлойбуз. Экинчисинде окутуу формасын чечүүдө ар бир облус ошол аймактагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша чечим кабыл алат", — деди Жусупбекова.

Ал мектеп, университет, лицей, бала бакчалар кадимки тартипте иштеп баштоо үчүн министрлик Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен чогуу иштеп жатканын белгилеген.



sputnik