Кандай аял күйөөсүнүн көзүнө чөп салат

5 августа 2021 Кандай аял күйөөсүнүн көзүнө чөп салат

Никеде туруп күйөөсүнүн көзүнө чөп салуу саткындык деп бааланат. Өзгөчө аял кишинин мындай жолго баруусу коомдо өтө катуу сынга алынат. Ал эми эркек киши ала жипти аттаса, “эркек да” деген бир ооз сөз менен токтотобуз. Эркек солго басса да аял күнөөлүү болот. Эгер аялдар ала жипти аттаса, анын маанилүү себеби бар.

Эмоциялык вакуум

Аялдар жолдошу кам көрүүсүн каалайт. Эгер күйөөсү аялынын кабак-кашына көңүл бурбаса, аял өзүн жалгыз сезе баштайт. Сезими бир аз сууй түшөт. Мисалы, кээ бир күйөөлөр аялдарын көпчүлүк алдында мазактап, колунан келбеген иштерин санап баштайт. “Биздин катын аны жасай албайт”, “ой, анын колунан келбейт” деген сөздөрдү тантырап салат. Жолдошу дурус көңүл бурбаган аял башка эркектин камкорлугу менен жылуу сөзүнө тез арбалат.

Жылгыздык

Күйөөсү узак иш сапарларга кетип, же жумуш деп айлап үй бетин көрбөй кетсе, аял өзүн жалгыз калгандай сезет. Бала-чаканын орду бөлөк, күйөөнүн орду бөлөк. Эгер үйдө күйөөсү жубайына дурус көңүл бөлө албаса, анда да аял өзүн жалгыз сезет. Ошондуктан, ал өзүнө жакын адамды табууну каалайт. Бирок, никесин бузбайт.

Зээриктирген бир калыптагы өмүр

Көпчүлүк жубайлардын өмүрү үй-бүлө кургандан кийин бир калыпка түшүп калат. Сүйгөнүнө колу жеткен жигит бойдок кездегидей жылуу сөздөрүн айтууну, кучагына кысууну, кээде болсо да белек берүүнү токтотот. Кушун колуна кондургандан кийин эч кайда кетпейт, бир гана меники деген ой бийлей баштайт. Эми гана кызыктуу өмүргө кадам таштадык деген кыздарга бул өзгөрүү кыйынга турат. Күйдөлүк турмушту өзгөртүп, мамилени тирилтүүгө аракет кылат. Эгер буга жигит жактан колдоо болбосо, анда аны башка жактан издей баштайт.

Төшөк катнашына канаатанбоо

Төшөк катнашы – жубайлардын ортосундагы карым-катыштын маанилүү бөлүгү. Төшөктө рахатка бөлөнгөн аялдын организминде бакыт гормону адаттагыдан беш эсе көп бөлүнөт. Бул гормон аялдын жолдошуна болгон ынтызарлыгын арттырып, сезимин күчөтөт. Ошондуктан, төшөк катнашына канаттанбоо – аялдын ала жипти аттоосуна себеп болот. Негизи эле бул эң көп таралган себептердин бири.

Жолдошуна деген кек

Аялдын ала жипти аттоосунун дагы бир себеби – күйөөсүнөн өч алгысы келгенинде. Дал ушул учурда аял өзүнүн көңүлдөшү бар экенин да жашыргысы келбейт. Анткени, жолдошуна деген ачуу ызасы бар, ошондуктан анын кыйналып, ичи күйгөнүн көргүсү келет. Бул кадамга көбүнчө сыртта көп жүргөн же ичимдикке берилген, аялына көп кол көтөргөн эркектердин аялы барат.

Ишкер аял

Акчаны көп тапкан аял да ала жипти аттоого өтө жакын. Себеби, мындай аял эркектерге багынбайт. Окумуштуулардын айтымында, мындай аялдардын организминде эркектик гормондор жогору болот. Бирок, бул баары ушундай кадамга барат деген сөз эмес.

Жашка байланыштуу өзгөрүүлөр

40 жаштан кийин көпчүлүк аялдарда экинчи деми ачылгандай болот. Бала-чака, үй тиричилиги деп жүрүп жаш кезинде унутта калган сезимдерди кайра баштан кечиргиси келет. Балдар чоңоюп, турмуш-жагдай жакшырган учурда жолдошунун көңүл буруусун каалайт. Эгер күйөөсү ушул каалоого жооп бере албаса, аны сырттан издөөгө аракет кылат.

Өзгөчө аялдар

Аялдар никеде турганы менен эркекти көп алмаштырганын кездештирүүгө болот. Психологияда “нимфомания” деген түшүнүк бар. Мындай диагноздогу кыз-келиндер дене рахаты үчүн эркектерди көп алмаштырып турат. Никеде туруп, башка эркектер менен тетири басканын коё албаган аял психологиялык жактан оорулуу болуп саналат.