Олимпиада-2020: Айаал Лазарев АКШлык балбанга утулуп калды

5 августа 2021 Олимпиада-2020: Айаал Лазарев АКШлык балбанга утулуп калды

Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Айаал Лазарев Олимпиада-2020 мелдешинин баштапкы этабындагы беттешинде жеңилди.

8/1 финалдык баскычта кыргызстандык спортчу АКШлык Гейбл Стивесон менен күрөштү. Атаандашынын активдүү аракеттерине Лазарев туруштук бере албай, беш ирет чабуулун өткөрүп алды.

Беттештин биринчи эле бөлүгүндө эсеп 10:0 менен аяктады. АКШлык спортчу техникалык таза артыкчылык менен жеңишке жетти.

Эми эгер америкалык атлет финалга чыкса, Лазарев коло байге үчүн күрөшүүгө укук алат.

Мелдешти КТРК Спорт каналы түз алып көрсөттү.

Оор салмактагы кыргызстандык балбан быйыл Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азиялык лицензиялык мелдеште Олимпиадага жолдомо алган.


sputnik