Темир Сариев эки айга камакка алынды

5 августа 2021 Темир Сариев эки айга камакка алынды

Мурдагы премьер-министр Темир Сариевге баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

"Темир Сариев Биринчи май райондук сотунун 4-августтагы чечими менен 30-сентябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 3-август күнү мурдагы премьер-министр Темир Сариев кармалган. УКМК Сариев экономика министри, ошол эле учурда мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган учурда Кумтөр кенинин ишинен экологияга келтирген чыгымдын суммасын азайтып койгон деп шектелүүдө.

sputnik