Эмоция кайнап, ыйлагым келип турат. Айсулуунун Токиодогу алгачкы билдирүүсү

4 августа 2021 Эмоция кайнап, ыйлагым келип турат. Айсулуунун Токиодогу алгачкы билдирүүсү

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Токиодо өткөн Олимпиадада финалдык беттештен кийин алгачкы билдирүүсүн Facebook баракчасына жарыялады.

ВИДЕО

Спортчу колдоо көрсөткөн кыргыз элине рахматын айткан.

"Кадырлуу кыргыз элим! Ушул күнгө чейин мени колдоп, демиме дем кошкон ар бириңиздердин каалоо-тилектериңиздерге ийилип таазим кылам. Азыр ичимде эмоциялар кайнап, чынын айтсам ыйлагым келип турат... Спорт мени мындай учурларда күчтүү болууга үйрөттү. Такшалдык! Айта турчу сөз көп. Дагы кенен пикир алмашабыз", — деп жазган ал.

Тыныбекова калган спортчуларга ийгилик каалап, баары жакшы экенин белгилеген.

"Азыр болсо өлкө намысын кийинки беттештерде коргой турчу спортчуларыбызга ийгилик каалайм. Кыргыз элимдин алтынга болгон үмүтү үчүн күрөшүңүздөр! Алга! Баары жакшы! Сиздердин колдооңуздар мени дагы да чыйралтат!" — деген спортчу.

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль утту. Бул Кыргызстандын Токио Олимпиадасындагы экинчи күмүш медалы болду. Кечээ грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш байге тагынган. Ал эми кыздар күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло байге утту. Кыргызстан баш-аягы Токио Олимпиадасынан үч медалдуу болду.

Кыргызстандан Токио шаарына, XXXII жайкы Олимпиадага 16 спортчу аттанган. 23-июлда башталган олимп оюндары 8-августта аяктайт.

sputnik