Айсулуунун жашы токтобой. Бүткүл Кыргызстанды ыйлаткан видео

4 августа 2021 Айсулуунун жашы токтобой. Бүткүл Кыргызстанды ыйлаткан видео

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарында алтын ута албай калганына кейип көзүнө жаш алды.

ВИДЕО

Ал өзгөчө спортчуларга медаль тапшыруу аземинде ыйлап, бүткүл кыргызстандыктардын көзүнө жаш алдырды.

Соцтармактын колдонуучулары Айсулуу Тыныбекова кыргызстандыктар үчүн баары бир чемпион бойдон каларын, күмүш медаль эң сонун жетишкендик экенин жазышууда.

Бул Кыргызстандын Токио Олимпиадасындагы экинчи күмүш медалы болду. Кечээ грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш байге тагынган. Ал эми кыздар күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло байге утту. Кыргызстан баш-аягы Токио Олимпиадасынан үч медалдуу болду.

Кыргызстандан Токио шаарына, XXXII жайкы Олимпиадага 16 спортчу аттанган. 23-июлда башталган олимп оюндары 8-августта аяктайт.

sputnik