Кымбатым, жаным, экөөбүз урушуп, үйдөн кетип калганына эки жылдай болду. Үйдүн берекесин өзүң менен алып кеткен сыяктуусуң. Мен күндөгү адатым боюнча жумуштан чарчап келип, футбол көрүү үчүн отурганда сенин чыдамы чегине жеткенин билбептирмин. Сенин каш-кабагын байкабай, үй-бүлөмө акча табуу үчүн иштеп жүрөм деп, эркектик парызымды милдет кылыптырмын. Мени кечир!
Ызы-чуу түшүп жаткан балдарга каралашпай, ошол күнү телевизордун алдына неге жата калдым экен? Ал аз келгенсип, чырылдаган балдардын үнүн укпаш үчүн телевизордун үнүн катуулатып алганымды кантейин...
Сени күнү бою үйдө отурат, кантип чарчамак эле деп ойлоп, ката кетириптирмин.
Сен кеткенден бери балдар менен эки күн өзүм жалгыз отуруп, баарын жон терим менен сездим. Экөө эки жактан чырылдап, бири эми уктаганда, экинчиси ойгонот. Сен болсо кийинки күнү дагы келген жоксуң. Жумуштан суранып, балдардын жанында өзүм калдым. Күнү бою тынбай, жанымды коёрго жер таппадым. Жок дегенде сууга түшүүгө убакыт жетишпейт.
Сүт жылытып, балдарды кийиндирип, ошол эле учурда ашкананы тазалап жүрөм. Күн бою бир адам менен отуруп сүйлөшүүгө, адам сыяктуу тамактанууга мүмкүндүк жок. Балдардан айлам кетти. Бир нече сутка бою уктай албай жүрдүм. Анткени, кичкинтайым ар үч саат сайын тамак сурайт, ыйлайт. Мурда балдар ыйлагынына карабай, бомба жарылса да уктай берчү элем.
Сенсиз эки күн бир түн өттү. Мен баарын түшүндүм. Эне болуу – өзүңдү үзгүлтүксүз курмандык чалуу экен.
Курбуларың менен жолугушууга барбай, жумушка чыкпай, салон дегенди билбей, хобби дегенди билбей калган учуруң экен. Ошолорго корото турган убакыттын баарын бизге арнаптырсың. Мен эми аны түшүнүп отурам.
Энелер коомдогу эң кыйын жоопкерчиликти мойнуна алып, эң кыйын иштерди аткарат. Бирок, аны эч ким элес албайт. Ошону кеч түшүнгөнүм үчүн сенин гана эмес, бардык аялзатынын алдында күнөөлүмүн. Бардык эркектер күнөөлүбүз!