UWW: Мээрим Олимпиада медалын тагынган алгачкы кыргызстандык балбан кыз

4 августа 2021 UWW: Мээрим Олимпиада медалын тагынган алгачкы кыргызстандык балбан кыз

Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюму кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарованын Токио Олимпиадасындагы ийгилигине арнап постер чыгарды. 

Анда Мээрим күрөштө жаңы тарых барагын жазган кыргызстандык балбан экени белгиленет.

"Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмактагы балбандар арасында коло байге утту. Муну менен ал  кыргыз спортунун тарыхында Олимпиада медалын тагынган алгачкы балбан кыз болуп калды", — деп айтылат постто.

Токио Олимпиадасынын коло медалы үчүн таймашта Жуманазарова монголиялык спортчу Соронзонболдын Батцэцэг менен таймашып, атаандашынын далысын жерге тийгизип таза жеңишти камсыздаган.

Бул Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшүнүн тарыхында алгачкы олимпиадалык медаль болду. Буга чейинки Лондон, Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндарында Айсулуу Тыныбекова күрөшкөн.


sputnik