Токио оюндарында кийим токуп отурган олимпиада чемпиону соцтармакты жарды. Видео

4 августа 2021 Токио оюндарында кийим токуп отурган олимпиада чемпиону соцтармакты жарды. Видео

Синхрондук сууга секирүү боюнча олимпиада чемпиону, британиялык Том Дейли социалдык тармактын колдонуучуларын өзгөчө өнөрү менен таң калтырды. Бул тууралуу The Global Times жазды.

ВИДЕО

​Алтын медаль ээсинин аялдар арасындагы сууга секирүү боюнча мелдешти трибунада кийим токуп көрүп отурганын байкашкан.

ВИДЕО

​Анын сүрөтү Олимпиаданын Twitter баракчасына илинген соң өтө популярдуу болуп кетти.

Кийин спортчу өзүнүн Instagram баракчасына жагдайды түшүндүрүп, досторунун Иззи аттуу итине свитер токуганын айтты.

Спортчунун өзгөчө хоббиси тууралуу бир топ ЖМКлар жазды.

Спортчу өнөктөшү Мэтти Ли менен 10 метрден синхрондук сууга секирүү боюнча алтын медаль алган. Өзүнүн айтымында, токуу аны стресстик абалдан сактайт.


sputnik