Бүгүн Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын алтын байгеси үчүн таймашат

4 августа 2021 Бүгүн Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын алтын байгеси үчүн таймашат

Бүгүн, 4-агустта, кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Олимпиада-2020 мелдешинин алтын байгеси үчүн күрөшөт. 62 килограмм салмактагы мыкты балбан кызды аныктоочу кармашта ал япониялык Юкако Каваи менен кез келет.

Айсулуу жарым финалда украиналык Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде таза техникалык артыкчылык менен уткан. Ага чейин румыниялык жана литвалык спортчуларды жеңген. Кыргызстандык балбан кыз таймаштарында атаандаштарына бир да упай алдыра элек. Анын 24 жаштагы япониялык атаандашы 2019-жылы дүйнө чемпионатынын финалында Айсулуу менен күрөшкөн Тайбе Мустафа Юсеинди утуп, финалга жолдомо алган. Спортчулар буга чейин бир нече ирет кармашкан.
2019-жылы дүйнө чемпионатында кыргызстандык кыз утса, 2020-жылы Азия биринчилигинде жеңиш япониялык тарапта болгон. Олимпиаданын финалдык беттештери саат 16:30да башталат.

Кыргызстандан Токио шаарында XXXII жайкы Олимпиадага 16 спортчу аттанган. 23-июлда башталган олимп оюндары 8-августта аяктайт. Азырынча Кыргызстандын байге капчыгында күрөш боюнча алган бир күмүш жана бир коло медалы бар. Күмүш байгени өлкөсүнө Акжол Махмудов, ал эми коло байгени Мээрим Жуманазарова тартуулады.


sputnik