Дарыгер COVID менен ооруп айыккандар үчүн дарбыздын пайдасын айтты

4 августа 2021 Дарыгер COVID менен ооруп айыккандар үчүн дарбыздын пайдасын айтты

Дарбыз коронавирус менен ооруп айыккандар үчүн абдан пайдалуу. Бул тууралуу медиктердин айтымына таянып, "Известия" басылмасы кабарлады.

"Коронавирустан арылып, оорудан кийин өзүнө келип жаткандар үчүн дарбыз эң керектүү азык. Анткени анын курамында антиоксидант көп. Мындан сырткары, бул жемиш С витаминине бай", — деген терапевт Елена Тихомирова.

Бирок адис аны нормадан ашык жебеш керектигин эскертип, бир күндө 500 грамм жетиштүү экенин белгилеген.

Педиатр Марина Лерман дарбыздын пайдалуу касиеттерин санап берген. Анын мөмөсү адамдын маанайына таасир этип, организмден токсин, шлактарды бөлүп чыгарат. Мындан тышкары, жүрөк-кан тамыр системасын бекемдөөгө да көмөк көрсөтөт.

Ошол эле мезгилде медиктер дарбызды сүт, кычкыл сүт азыктары менен аралаштырып жебеш керектигин эскертишкен. Анткени адам ууланышы ыктымал. Бул жемишти майлуу, туздуу азыктар менен аралаштырбоо да сунушталган. Антпесе организмде суюктук кармалып калат.


sputnik