Эки жашар наристе Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 6-декабрь күнү чарчап калган.
Бишкекте чарчап калган эки жашар наристенин апасы курбусуна арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу Чүй ОИИББден маалымдашты.
Билдирмеге караганда, баланын энеси арыз жазуудан баш тартканы менен укук коргоочулар Кылмыш жаза кодексинин 104-беренеси (аягы адам өлүмүнө алып келген, ден соолукка атайылап залака келтирүү) боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын улантууда.
28-ноябрь күнү Бишкектеги балдардын аймактык ооруканасына оор абалда эки жаштагы бала түшкөн. Милициядан билдиришкендей, наристенин денесинин бир канча жеринде жаракаты болгон. Наристе энеси акча табыш үчүн мигрант болуп жүргөндүктөн анын курбусунун кароосунда калган. Суракка алынган 32 жаштагы аял наристеге кол көтөрбөгөнүн, ал өзү эки кабаттуу керебеттен кулап кеткенин билдирген.
Дагы: sputnik.kg, фото- © AFP 2018 / JAY DIRECTO