Сүйүнчү! Бусурманкул Абдибаит уулу Хабибдин лигасынын чемпиону болду. Сүрөт

4 августа 2021 Сүйүнчү! Бусурманкул Абдибаит уулу Хабибдин лигасынын чемпиону болду. Сүрөт

Хабиб Нурмагомедовдун Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын турниринде кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу россиялык атаандашы Руслан Яманбаевди техникалык нокаут менен утуп, чемпиондук курун тартып алды. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Нурмагомедовдун Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын турниринде кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу россиялык атаандашы Руслан Яманбаевди техникалык нокаут менен утуп, чемпиондук курун тартып алды

Мелдеш Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда болду.

Спортчулар 65 килограмм салмакта кармашты.

EFC кезектеги турнирин Кыргызстанда өткөрүүнү пландаганын промоушендин президенти Шамил Завуров март айында Россияда өткөн мелдеште айткан болчу. Буга кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулунун татыктуу беттеш көрсөткөнү себеп болгон.  

Бусурманкул 14 беттешти утуп, үч ирет жеңилген. 28 жашта.   

Ал эми атаандашы Руслан Яманбаев 10 ирет жеңишти камсыздап, сегиз жолу жеңилип, бир ирет тең чыккан. 30 жашта.

sputnik