Көзүнө жаш алган ата. Жуманазарованын үй-бүлөсүнүн мелдешке күбө болгон видеосу

4 августа 2021 Көзүнө жаш алган ата. Жуманазарованын үй-бүлөсүнүн мелдешке күбө болгон видеосу

Sputnik редакциясы Олимпиада оюндарында коло медаль уткан Мээрим Жуманазарованын ата-энеси менен жакындары мелдеш көрүп жаткан учурдун видеосун алды.

Кадрлардан көрүнүп тургандай, спортчунун атасы Рахмадил Жуманазаров кызынын жеңишин көрүп, көзүнө жаш алды. Ошондой эле туугандарынын да сүйүнүчүн көрүүгө болот.

ВИДЕО

Жуманазарова баштапкы этапта болгариялык Мими Николова Христова менен кез келип, 7:5 эсебинде утуп алган болчу. Чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудудуга 3:2 эсебинде жеңишти алдырган. Бирок нигериялык кыз финалга чыгып, Жуманазарова коло байге үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алган. Ал эми бүгүн эртең менен спортчу көңүл жубатуучу таймашта азербайжан кызы Элиз Манолованы 4:1 эсебинде утуп алды.

Мээрим Жуманазарованын бул олжосу Кыргызстандын эгемен тарыхындагы үчүнчү коло байге болду.


sputnik