Бали! Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынын күмүш медаль утту

3 августа 2021 Бали! Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынын күмүш медаль утту

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча 22 жаштагы балбаны Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынын күмүш медалына татыды. Финалык беттеште ал упай айырмасында венгриялык тажрыйбалуу балбан Тамаш Лёринцке жеңишти алдырып койду.

Эсеп 2:1 менен венгер балбанынын пайдасына жыйынтыкталды.

Кыргыздын балбаны жаш экенине карабай татыктуу атаандаштык көрсөттү. Бул эгемен Кыргызстандын тарыхындагы Олимпиадалык экинчи күмүш медаль болду.

Лёринц Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун рейтингинде 77 килограмм салмак даражасында экинчи сапта турат. Акжол бул рейтингде алдыңкы ондукка кире элек.


sputnik