Атабек Азисбековго коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк жаралды

3 августа 2021 Атабек Азисбековго коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк жаралды

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Атабек Азисбеков Олимпада оюндарынын коло байгеси үчүн ат салышат. Анткени аны баштапкы этапта жеңип алган венгриялык Виктор Лёринц финалга чыкты.

Венгер балбаны Лёринц египеттик атаандашын 7:2 эсебинде утту.

87 килограмм салмакта күч сынашкан кыргыз балбаны атаандашы Виктор Лёринцке баштапкы этапта 6:1 эсебинде утулуп калган болчу. Венгриялык спортчу финалга чыгып, Атабек Азисбеков көңүл жубатуучу таймашта германиялык Денис Кудла менен чыгат.


sputnik