Ар бир балалуу үйдө балдар урушуп-талашып, кайра табышып ойношот эмеспи. Биздин бүгүнкү каарманыбыздын окуясы да балдары жөнүндө. Анара аттуу айым шаардагы кафелердин биринде идиш жууса, күйөөсү куруучу болуп иштеп, үй-бүлөсүн багып келерин айтат.
Алардын алты баласы бар, 3 уул, 3 кыз. Улуусу мектепти аяктап, шаардагы кесиптик лицейлердин бирине окуюн деп турган учуру экен. А кичүүсү жетиге толуп, мектепке кирейин деп турган убагы.
Анара айымдын айтуусунда, уулдарынын бири эч бир баласына өңү-түсү да, мүнөзү да окшошпойт дейт. Окуясын төмөнкүдөй баяндап берди:
Эки кызымды төрөп, жаш аялмет кезимде айылда карыган энебиз менен чогуу турчубуз. Күйөөм экөөбүз үлүшкө тийген жерге картошка айдап, ошону сатып, тиричилигибизди эптеп-септеп өткөрүп келчүбүз.
Кийинчерээк күйөөм кошуна айылга барып, кен казуучу ишканага вахталык режим менен жумушка кирди. Шахтада жердин астында иштеп тапкан акчасы бизге кенен жетип, каалагандай жашап, жыргап эле калдык.
Бир күнү күйөөм 15 күндүк жумушка кеткен кезде улуу кайнежем келип, кайненемди “меникинде 2-3 күн туруп келсин” деп алып кетти. Ошондо 2 кичинекей кызым менен жалгыз калдым.
Андан эки күн мурун кошуна эженин шаардан кызы күйөө баласы менен чогуу келип, үйүнө каралашып, эс алып жүргөн. Шаардыктар өзүнө каранып, кантсе да айылдыктардан ак жүзү, ак колу менен айырмаланып турат эмеспи. Мен ошондо өзүмчө “мен да шаардык жигитке турмушка чыкканда күйөөм ушундай зыңкыйган, керилген болмок” деп ойлонуп койгом.
Негизи биз айылдыктар үйдүн эшигин түнкүсүн кулпулабай эле уктай беребиз да. Итибиз да бар, баарын таанып-билген үчүн бирөө кирет деп деле ойлобойбуз.
Уктап жатсам эле бирөө үстүмдөн басып калды. Кыйкырайын десем, оозумду басып, “чүшш, кыздарды ойготосуң” деди эле, унчукпай калдым. Кошунанын күйөө баласы экенин дароо билдим. Себинген адекалону эми укмуш. Өзүм деле күйөөм кеткенден бери аябай каалап жүрөт элем, бул кишини күндүз көрүп кылгырып койдум эле, кантип арбалып калганымды билбейм, айтор унчукпай жатып бердим. Баягы зыйкыйган, керилген шаардыгым ой да жыргатты.
Эртеси күнү короодон көргөн жерден көз кысып коёт. Мен болсо түндөгүнү ойлоп, делебем козголоп. Ошентип, кийинки күнү дагы келди. Кыздарды уктатып коюп, күтүп отурат элем, кошуна бөлмөгө кирип, кинодогудой эле төшөктө жыргадык.
Энем кайнежемкинде бир жума жүрдү. Биз да кошунанын күйөө баласы менен бир жума жыргадык эми. Кийин алар шаарга кетип, кайненем, анын артынан күйөөм да келди. Жашоо-турмуш мурдагыдай эле улана берди.
Болгону бир айдан кийин боюма бүтүп калганын билдим. Не кыларымды билбей өзүмдү коёрго жер таппай жүрсөм, күйөөм сүйүнүп алган. Ошентип, уул төрөдүм. Уулум улам чоңойгон сайын мен баягы кошунанын күйөө баласына окшотом, күйөөм чоң ата, чоң энелеринин бирине окшоштурат.
Кийин шаарга көчүп келүүгө аргасыз болдук, күйөөмдүн жумушу токтоп аябай кыйналып кеттик. Бир күнү баягы кошунанын кызы менен күйөө баласын көрүп калдык. Алар балдарын паркта ойнотуп жүргөн экен. Биз да балдарды ойноткону бардык эле. Ошондо менин уулум аларга окшош экенине даана көзүм жетти. Күйөөм алар менен кобурашып, маани берген жок.
Ошондон бери качан билинип калат, ким байкап калат деп эле коркуп жүрөм... Уулумдун мүнөзү, баскан-турганы такыр башкача...