Акжолдун Токиодо калыстык кылып жаткан машыктыруучусу балбанды сүрөй албайт. Себеби

3 августа 2021 Акжолдун Токиодо калыстык кылып жаткан машыктыруучусу балбанды сүрөй албайт. Себеби

Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов Токиодогу Олимпиада-2020да эл аралык деңгээлдеги калыстык милдетти аткарып жүрөт. Анын иш учурундагы сүрөтүн Кыргызстандын спорттук күрөш федерациясы социалдык тармактагы баракчасына чыгарды.

Кечээ, 2-августта, кыргызстандык адис грек-рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмакта беттешкендердин финалын башкы калыс катары тейледи. Анда кубалык Луис Альберто Орта Санчес менен япониялык Кинечиро Фумита беттешкен. Кубалык балбан упай айырмасында утуп, олимпиада чемпиону болду. Мындан сырткары, 77 килограмм салмакта өзүнүн шакиртинин (Акжол Махмудов - ред.) атаандаштары болгон ирандык Мухаммедали Гераи менен кубалык Йосванис Пена Флорестин кармашына калыстык кылды.

Жогоруда белгилегендей, Ахметов Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта финалга чыккан кыргызстандык балбан Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу. Бирок спорттогу эрежелерге ылайык, арбитр болуп жүрсө, өзүнүн тарбиялануучусу беттешке чыкканда жанына барууга, кеп-кеңешин айтып багыт берип турууга тыюу салынган. Андан улам, устаты алтын медаль үчүн күчүн үрөп жаткан шакиртине барып, багыт бере албайт. 

sputnik