ЖАМК башчысынын биринчи орун басары кармалды. Кабинетин, үйүн тинткен видео

3 августа 2021 ЖАМК башчысынын биринчи орун басары кармалды. Кабинетин, үйүн тинткен видео

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев коррупцияга шектелип кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, ал соттолгон жарандарды мөөнөтүнөн мурда бошотуу, абактагы шарттарын жеңилдетүү, ошондой эле орто звенодогу жетекчилердин мыйзамсыз аракеттерин жаап-жашырып жүргөнү үчүн системалык түрдө акча алып келгени айтылды.

ВИДЕО

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2-август күнү Нуралиевдин иш бөлмөсүн тинткенде 3500 доллар, 59 000 сом, уюлдук телефон жана майда калибрдеги курал чыккан.

Ал эми жашаган үйүн текшергенде ТТ үлгүсүндөгү тапанча жана жылмакай курал табылган. Аны менен катар абакта отурган соттолуучулар тарабынан жасалган стол, отургуч, кылыч, бычак, сандык, нарда сыяктуу буюмдар болгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында Таалайбек Нуралиев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


sputnik