Мээрим Жуманазаровадан бүгүн коло медалды ким талашат. Атаандашы 9 жаш улуу

3 августа 2021 Мээрим Жуманазаровадан бүгүн коло медалды ким талашат. Атаандашы 9 жаш улуу

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиада-2020 мелдешинин коло байгеси үчүн бүгүн монголиялык спортчу Соронзонболдын Батцэцэг менен таймашат.

Батцэцэг 31 жашта, буга чейин Азиянын жана дүйнө чемпиону болгон. 2012-жылпы Лондон Олимпиадасында коло медалын утуп алган.

Кыргызстандык балбан кыз килемде өзүнөн тогуз жаш улуу спортчу менен беттешет.

Мээрим баштапкы этапта болгариялык Мими Николова Христова менен кез келип, 7:5 эсебинде утуп алган болчу. Чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудудуга 3:2 эсебинде жеңишти алдырган. Бирок нигериялык кыз финалга чыгып, Жуманазарова коло байге үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алган. Ал эми бүгүн эртең менен спортчу азербайжан кызы Элиз Манолованы 4:1 эсебинде утуп алды.

Коло байге үчүн таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө болот.


sputnik