UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди. Бул туурасында EFC 38 турниринин уюштуруу тобунан кабарлашты.
Аны "Манас" эл аралык аэропортунан EFC 38 турниринин уюштуруу комитетинин өкүлдөрү тосуп алды. Аны менен чогуу командасындагы спортчулар Зубайра Тухугов, Имар Нурмагомедов жана Усман Нурмагомедов келди.
Мындан ары алар Чолпон-Ата шаарына сапар алып, ал жактан Нурмагомедов Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын мелдешине кадырлуу конок катары катышат. Мелдеш саат 17:00дө башталат.
Улуттук көк бөрү федерациясы мушкердин урматына Чолпон-Атадагы ат майданда көк бөрү боюнча көргөзмө оюну белгиленгенин кабарлаган. Алар оюндун жабык тартипте өтөрүн эскертишкен.
Белгилеп кетсек, UFC чемпиону өзүнүн машыктыруучусу Хавьер Мендез менен Кыргызстанга келип, көк бөрү оюнун көрүүнү каалаганын айтканы бар.
Промоушендин турнири Кыргызстанда алгачкы ирет өтөт. EFC кезектеги беттешти Кыргызстанда өткөрүүнү пландаганын промоушендин президенти Шамил Завуров март айында Россияда өткөн мелдеште айткан болчу. Буга кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулунун татыктуу беттеш көрсөткөнү себеп болгон.
Бул уюмдун 38-мелдеши болуп саналат. Турнирде Данияр Бабакулов, Алексей Федосеев сыяктуу кыргызстандык атактуу мушкерлер да октагонго чыгышат.