Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу материалдар рыногу жөнүндө 6 негизги миф

12 декабря 2018

Коомдо маал-маалы менен бензиндин кымбаттыгы жана май куюучу бекеттердин жогорку киреши тууралуу талкуулар, ошондой эле арзан күйүүчү майды Казакстандан импорттоого чакырыктар айтылып келет. Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майллоочу материалдар рыногундагы алты негизги миф жана алардын объективдүү негизи бар, жогу жөнүндө айтып берди.

1-миф. Күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы  май куюучу бекеттер тармагынан көз каранды

Май куйуучу бекеттердин баасы түздөн-түз мунай өнүмдөрүн жеткирүүчү орусиялык заводдордун баа саясатынан көз каранды. Орусия Федерациясынын нефтини кайра иштетүүчү заводдордун (НКЗ) базарга өткөргөн баасы Санкт-Петербургдагы эл аралык товардык-сырьёлук биржадагы сооданын жыйынтыгында түзүлөт. Мисалы, ушул кышта Москвадагы КНЗ модернизация жасап жаткандыгына байланыштуу төрт айга өндүрүштү токтоуп койду. Иш жүзүндө рыноктон 600 миң тонна бензин жоголду деп айтууга болот. Ярославлдагы ири КНЗ дагы оңдоо-түзөө иштеринен өтүп жаткандыктан, бал башка заводдордун базарга өткөрө турган баасына таасирин тийгизди, мындан улам акыркы керектөөчүгө жеткенге чейин баа да өстү. Негизинен Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдар Орусиядан келгендиктен, бул өзгөрүүлөр түздөн-түз биздин рынокко өз таасир тийгизди.

Мындан тышкары,баага  валюталардын курсунун термелүүсү да өз таасирин тийгизет, анткени бензин нефтетрейдерлер тарабынан доллар менен сатылып алынып, ал эми унаа сүйүүчүлөргө сом менен сатылат.

2-миф. Кыргызстанда бензин негизсиз кымбат

Кыргызстанда бензинди баасы дүйнөдөгү эң арзан баа болуп саналат. Бүгүнкү күндө биздин өлкө бинзинге болгон баа боюнча дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин арасында 22-орунда турат. Кыргызстан – күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттогондордун түзмесинде эң алдыңкы орунда турат, биздин өлкө нефти өндүрүүчү болуп саналбайт.

Кыргызтандагы төмөн баалар Орусия менен негизди жеткирүүчү болгондугу менен шартталган. Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдарды экспорттоого болгон пошлинадан баш тарткан жана биз бензинди өндүрүүчү заводдордун өзүнүн баасы боюнча алабыз.

Ушундай экономикасы бар – Тажикстанда, Арменияда бензинге болгон баа кыргызстандагыга караганда кыйла жогору турат.

3-миф. Биз Казакстандан арзан бензин алып келсек болот беле

Казакстанда күйүүчү-майлоочу материалдарга жогорку пошлина түрүндө аныкталган тоскоолдуктар иштейт – бир тонна бензин же дизелдик отун үчүн 169 USD. Башкача айтканда, экспорт учурда ар бир литр автоматтык түрдө аз дегенде 9 сомго кымбаттайт. Мындай пошлинада Казакстандан Кыргызстанга бензин ташуу акыркы керектөөчү үчүн кымбат баага айлангандыктан, маанисин жоготот. Бул суроо-талап жана сунуштардын дисбалансынан казакстандын рыногун коргоого мүмкүндүк берген коргоочу механизм. Иш Казакстанданы НКЗнын кубаттуулугу республикадагы күйүүчү-майлоочу материалдарды керектөөнүн 70%ын гана жабуга мүмкүндүк берет, клган 30%ын өлкө Орусиядан катып алууга мажбур болот.

Өздөрүнүн НКЗларын модернизацияну жана Казакстандын керектөөсүн 100%га жабууну республиканын бийлиги жакынкы жылдары пландап жатат, бирок азырынча экспорттук пошлиналып алып салуу тууралуу сөз болгон жок.

4-миф. Бензинге болгон баа нефтинин баасынан көз каранды

Нефть – бул чийки зат, ал эми бензип жана дизелдик отун сыяктуу нефти өнүмдөрү – бул нефти узакка созулган жана кымбатка турган нефтини иштетүүнүн жыйынтыгында алынган даяр продукция экендигин эске сала кетүү керек. Кыргызстандагы абдан популярдуу АИ-92 бензининин баасы бир ктар факторлордон: базарга өткөрө турган баадан (55%), Кыргызстанга жеткиген отундун чыгымдарынан (13%), жергиликтүү салыкты төлөөдөн – акциздик салык жана кошумчаланган нарк салыгынан (22%), Кыргыз Республикасы боюнча күйүүчү-майлоочу материалдык ташуудан (2%), май куйуучу бекеттерди кармоо боюнча кошумча чыгашалардан жана анча чоң эмес маржадан (8%дын тегерегинде) улам аныкталат.

Бензиндин жана дизелдик отундын баасында нефтинин өзүнүн баасы – болгону 6%дын тегерегинде. Муну менен, нефтиге болгон баанын өзгөрүшү тензиндин баасына дээрлик таасир тийгизбнйт. Бул бензин өндүрүү процессинин өзү кымбаттыгы менен түшүндүрүлөт. Нефть кайра иштетүүнүн, тазалоонун жана байытуунун бир нече этабынан өтөт.

5-миф. Нефтетрейдерлер жогорку киреше табышат

Күйүүчү-майлоочу материалды реализациялоодон анча чоң эмес пайданы мамлекет алат – кыргызстандын салыгы жана жыйымдары бензинге болгон баанын 22%ын түзөт. Ошол эле учурда, бир гана 5 жалга берилүүчү акциздик салык 4,5 эсеге көбөйгөн.

Өлкөдөгү май куюучу бекеттер термагынын стандарттуу маржасы – 5%дын тегерегинде. Салыштыруу үчүн Орусия Федерациясында күйүүчү-майлоочу материалдарды реализациялоо менен алектенген компаниялардын маржасы 15%да жана андан жогорку бааны түзөт. Муну менен, кыргызстандык нефтетрейдерлердин кирешеси орусиялык кесиптештерине караганда кыйла төмөн.

6-миф. “Гaзпром нeфть Aзия” – Кыргызстандын рыногунда монополист

Кыргыз Республикасындагы мотор майларынын рыногу жогорку конкурентүү болуп саналат. Азыркы учурда унаа ээлерине нефти өнүмдөрүн 664 май куюучу бекеттер сунуштайт, алардын ичинен 342и ири май куюучу бекеттер тармагына тиешелүү (2017-жылдан 110-февралына карата маалымат).

2017-жылдын январынан тартып “Гaзпром нeфть Aзия” компаниясы уруксат берилген монополиялардын тизмесинен чыгарылган, анткени түзүмүн өзгөрткөндөн кийин компаниянын рыноктогу үлүшү 35%дан аз көрсөткүчтү түзгөн.

Компаниянын түзүмүн өзгөртүү Казакстандан расмий эмес бензин жана дизелдик май жеткирүүнүн көлөмүнүн өсүүсүнө, ошондой эле 2011-жылдын 18-октябрындагы Бажы биримдигинин Техникалык регламентинин авто унаа жана авиациялык бензинге, дизелдик жана кеме майына, реактивдик кыймылдаткыч үчүн майга жана мазутка болгон талаптар жөнүндө жобону 2021-жылга чейин кодонууга киргизүүнүн мөөнөтүн жылдырууга байланыштуу жүргүзүлгөн.  

Бул Кыргызстанда 2021-жылга чейин Евро-2 жана Евро-3 класстарындагы төмөнкү кэологиялык класстардагы нефти өнүмдөрүн өндүрүүгө жана реализациялоо уруксат берилгенин билдирет.

“Гaзпром нeфть Aзия” компаниясы Евро-5 классындагы күйүүчү май чыгарган Омск НКЗнын майларын жеткирет. Бирок, Кыргызстанда жогорку экологиялык класстагы күчүүчү майга болгон талап чоң эмес, ошондуктан 2016-жылы май куюучу бекеттердин бир бөлүгү ижарага берилди. Азыркы учурда Кыргызстандагы “Гaзпром нeфть Aзия” май куюучу бекеттер тармагы 38 май куюучу бекеттерде ишин улантып келет.

Булак: https://kaktus.media/doc/352511_6_glavnyh_mifov_o_rynke_gsm_v_kyrgyzstane.html?fbclid=IwAR0JrapzHbsH1H12ucb2ro9TIPijVndodOl-nBiaCuPPwzvWVRLFpa2jqP4