22 жаштагы бийкеч бар. Ош шаарынын жаңы депутаттарынын аты-жөнү, иштеген жери

3 августа 2021 22 жаштагы бийкеч бар. Ош шаарынын жаңы депутаттарынын аты-жөнү, иштеген жери

Кечээ Ош шаардык кеңешине шайланган депутаттар мандат алып, расмий түрдө ишке киришти.

Кээ бир партиялар добуш берүү бүткөндөн кийин талапкерлердин тизмесин өзгөрткөн. Муну менен шайлоо өнөктүгү маалында 60-катарда тургандарга да мандат берилди.

Ош шаардык кеңешине 45 мандат каралган, бул орундарга жетүү үчүн 11-июлдагы кайра шайлоодо сегиз партия ат салышты. Натыйжада төрт партия жети пайыздык босогодон ашып жеңүүчү аталды.

Sputnik Кыргызстан жаңы шайланган депутаттардын тизмесин сунуштайт.

"Ата-Журт Кыргызстан" — 19 мандат

  • Эльдар Сулайманов, 36 жашта, "Кыргыз-Кытай биргелешкен корпорациясынын" директору;
  • Мелис Жусупов, 37 жашта, "Эмаком" курулуш компаниясынын башкы директору;
  • Гүлсара Кулдышева, 55 жашта, ОшМУнун кызматкери;
  • Мирбек Маматов, 38 жашта, "ОшГАЗ" ЖЧКсынын директорунун орун басары;
  • Мирлан Атабаев, 34 жашта, "Бердике ата - Курулуш" ишканасынын директору;
  • Хулкар Исамова, 44 жашта, "Рейтер Лимитед" компаниясынын аймактык журналисти;
  • Бекмурза Эргешов, 47 жашта, Каратэ федерациясынын Ош облусундагы президенти;
  • Бекболот Арзибаев, 36 жашта, жумушсуз;
  • Бахтиярхан Турсунбаев, 55 жашта, мэриянын алдындагы №3 аймактык муниципалдык башкармалыгынын жетекчиси;
  • Медербек Мырзабеков, 41 жашта, жеке ишкер;
  • Нурбек Исмаилов, 36 жашта, "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору;
  • Дамира Абдибаева, 54 жашта, "Даннур — Юг" ЖЧКсынын кызматкери;
  • Жохонгир Сайфуллаев, 29 жашта, жумушсуз;
  • Салман Назылбеков, 51 жашта, Ош шаардык кеңешинин депутаты (кайра шайланды);
  • Айгүля Караева, 46 жашта, "Сладкий день" ЖЧКсынын башкы директору;
  • Замирбек Толубаев, 35 жашта, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты;
  • Долатбек Көкөчөров, 60 жашта, "Ош шаардык суу каналы" ишканасынын директору;
  • Уларкан Акматова, 39 жашта, университетте мугалим;
  • Алтынбек Зайнидинов, 46 жашта, административдик чарба департаментинин башчысы;

"Биздин Кыргызстан" — 15 мандат

  • Арстанбек Эркин уулу, 28 жашта, жумушсуз;
  • Шайырбек Нуранов, 43 жашта, жумушсуз;
  • Назима Алмазбек кызы, 29 жашта, жумушсуз;
  • Канат Папишов, 47 жашта, "Каганат Инвест" курулуш компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси;
  • Улан Каналиев, 26 жашта, Мамлекеттик кадастрдын видео тартуу бөлүмүнүн адиси;
  • Нуркыз Кадырбек кызы, 42 жашта, министрлер кабинетинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы;
  • Ильяз Турдуев, 45 жашта, Ош технологиялык университетинде мугалим;
  • Бексултан Үсөнов, 29 жашта, жумушсуз;
  • Аида Раимбердиева, 39 жашта, жумушсуз;
  • Автандил Эркинбаев, 37 жашта, "Спец Гидро" ишканасынын башкы директору;
  • Канжарбек Мамашов, 42 жашта, жумушсуз;
  • Айпери Ашимжан кызы, 30 жашта, жумушсуз;
  • Арыпбек Айтбаев, 42 жашта, жумушсуз;
  • Илияз Абдрахманов, 41 жашта, жумушсуз;
  • Айжана Манап кызы, 22 жашта, жумушсуз.

"Улуттар биримдиги" — 7 мандат

  • Абдижапар Аккулов, 54 жашта, ОшМУнун алдындагы институттун директору;
  • Хашим Ахмаджанов, 63 жашта, "РусАзиятранс" компаниясынын директору;
  • Нурила Самиева, 53 жашта, жумушсуз;
  • Максатбек Маматкулов, 32 жашта, жумушсуз;
  • Данияр Абдуллаев, 52 жашта, жумушсуз;
  • Роза Жоошбаева, 38 жашта, "Тур Профи Сервис" ЖЧКсынын директору;
  • Нурлан Мурзахмедов, 33 жашта, жумушсуз.

"Бир Бол" — 4 мандат

  • Эсенбек Арзиев, 47 жашта, "Азия Пласт" ЖЧКсынын директору;
  • Нурислом Каримов, 30 жашта, жумушсуз;
  • Айгүл Салиева, 40 жашта, "Дом Строй Групп" курулуш компаниясынын директору;
  • Кушбак Шайиев, 32 жашта, жумушсуз.


sputnik