Мээрим азербайжан кызы Манолованы утту. Эми коло байге үчүн таймашат

3 августа 2021 Мээрим азербайжан кызы Манолованы утту. Эми коло байге үчүн таймашат

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиада-2020 мелдешинин коло байгеси үчүн таймашат. Көңүл жубатуучу беттеште ал азербайжандык Элиз Манолованы 4:1 эсебинде утуп алды. Беттешти КТРК Спорт каналы түз алып берди.

Кыргызстандын балбан кыз эми Олимпиада-2020 мелдешинин коло байгеси үчүн монголиялык Баттсетсег Соронзонболд менен күрөшөт.

Коло байге үчүн таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө болот.

68 килограмм салмак даражасында күрөшкөн Мээрим чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудудуга 3:2 эсебинде жеңишти алдырган. Ал эми баштапкы этапта болгариялык Мими Николова Христова менен кез келип, 7:5 эсебинде утуп алган болчу.


sputnik