Сарыбашов ишке киришери менен Бишкек мэриясында иштеген уулун жумуштан алды

3 августа 2021 Сарыбашов ишке киришери менен Бишкек мэриясында иштеген уулун жумуштан алды

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов менен муниципалитетте иштеген уулун кызматтан алды. Бул туурасында калаа башчынын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Анын уулу Нурсултан Насирбеков мэриянын борбордук аппаратынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн адиси болуп иштеп жаткан. Маалымат катчы Нурсултан Насирбековдун буга чейин конкурстан өтүп кызматка алынганын белгиледи.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кызматын которуп, бүгүн Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.


sputnik