Акжол алтын үчүн ким менен күрөшөт? Венгриялык Тамаш Лёринцтин таржымалы

3 августа 2021 Акжол алтын үчүн ким менен күрөшөт? Венгриялык Тамаш Лёринцтин таржымалы

Грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта Олимпиадага катышып жаткан кыргызстандык балбан Акжол Махмудов финалда венгриялык Тамаш Лёринц менен кез келет.

Тамаш Лёринц 35 жашта. Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун рейтингинде 77 килограмм салмак даражасында экинчи сапта турат.

Олимпиада оюндарынын байге ээси. 2012-жылы Лондондо өткөн Олимп оюндарында 66 килограмм салмакта финалга чыгып, күмүш медаль тагынган.

2019-жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатын утуп Олимпиадага жолдомо алган. 2014, 2017 жана 2018-жылдары өткөн дүйнө чемпионаттарында байгелүү орундарга жетишкен. Төрт жолку Европа биринчилигинин жеңүүчүсү болуп саналат.

Лёринц жарым финалда ирандык, чейрек финалда япониялык, ал эми баштапкы этапта марокколук балбандарды уткан.

Акжол Махмудов 22 жашта, эл аралык класстагы спорт чебери. Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси. Апрель айында Алматыда өткөн турнирде Токио Олимпиадасына жолдомо уткан.

Акжол Олимпиада-2020 мелдешинин финалына чейин Армения, Азербайжан жана Тунис өлкөлөрүнүн балбандарын жеңген.

Балбандар грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта Олимпиаданын алтын байгеси үчүн таймашат. Финалдык беттеш эртең, 3-августта, болот.

sputnik