Таза жеңиш! Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты. Видео

3 августа 2021 Таза жеңиш! Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты. Видео

Айсулуу Тыныбекова Олимпиада-2020 мелдешиндеги чейрек финалда румыниялык Кристина Тундени утуп, Олимпиада-2020 мелдешинин жарым финалына жолдомо алды.

Атаандаштын далысын жерге тийгизип, таза жеңишти камсыздады.

ВИДЕО

Кыргыздын балбан кызы эми украиналык Ирина Колиаденко жана кытайлык Лонг Жия жубунун жеңүүчүсү менен жарым финалда кездешет.

Айсулуу мындан бир нече саат мурда, баштапкы этапта латвиялык Анастасия Григорьева менен кармашып, ишенимдүү түрдө 8:0 эсебинде утуп алды.


sputnik