Сүйүнчү! Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Олимпиаданын финалына чыкты

2 августа 2021 Сүйүнчү! Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Олимпиаданын финалына чыкты

Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов Олимпиада-2020 мелдешинин финалына чыкты. Ал жарым финалда армениялык Карапет Чалянды таза артыкчылык менен утту.

Беттеш 6:2 менен аяктады.

Акжол биринчи эле бөлүктө тик туруп жасаган мыкты ыкмаларды колдонуп, жеңишти камсыздоого жетиштүү упай топтоп койду.

Кыргызстандык спортчу чейрек финалда азербайжандык Рафиг Гусейиновду (9:1), ал эми баштапкы этапта тунистик Ламджед Маафини 11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алган.

Эми ал финалда, Олимпиада-2020 медешинин алтын байгеси үчүн венгриялык Томас Льеринс менен таймашат. Финалдык беттештер эртең болот.


sputnik