Акаев Бишкекке келип, учурда сурак берип жатат. УКМКнын билдирүүсү

2 августа 2021 Акаев Бишкекке келип, учурда сурак берип жатат. УКМКнын билдирүүсү

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев бүгүн Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Ушул жылдын 8-июлунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча изделип жаткандардын арасында Акаев дагы бар экенин айткан.

"Акаев "Кумтөр" келишиминдеги коррупциялык иштер боюнча ошол кездеги башка кызмат адамдары сыяктуу эле кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Тагыраагы, ал президент кездеги бул коррупцияга катыштыгы бар адамдардын аракеттерине юридикалык баа берилген", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошону менен бирге УКМКдан "тарыхый адилеттүүлүктү орнотуу үчүн Акаевди Кыргызстанга алып келүү, кылмыш жоопкерчилигине тартуу иштери жүргүзүлгөнүн" айтышты.

"Жыйынтыгында Акаев 2-августта Бишкекке алып келинип, ведомстволор аралык тергөө тобуна берилди", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Учурда Акев УКМК имаратында экени айтылды.


sputnik