Аялдар төшөк оюндарында ушул эрежени сактабаса, циститке кабылат

2 августа 2021 Аялдар төшөк оюндарында ушул эрежени сактабаса, циститке кабылат

Төшөк катнашынын өз гигиенасы бар. Анын эрежеси, тартиби бар. Ден соолугун ойлогон, өзүн сыйлаган аял буга кылдат мамиле кылышы керек.

1. Ар бир жыныстык катнаштан кийин аял да, эркек да колун жууш керек.

2. Жыныстык катнаштан кийин 15-30 мүнөттөн кийин сөзсүз дааратканага баруу керек. Аялдардын уретрасы кыска жана кууш болгондуктан, табарсыкты бошотуп албаса, заара чыгуучу системага инфекция кирип кетиши мүмкүн. Бул жыныс органынын сезгенүүсүнө алып келет. Эгер өз убагында заара чыгарып турса, бактерияларды “жууп” салууга болот. Циститке учуроо кооптуулугу азаят.

3. Жыныстык катнаштан кийин спринцевание жасабаңыз! Ал кындагы балансты бузуп, бактериялардын өсүүсүнө каршы тура турган лактобациллди азайтып жиберет.

4. Жыныстык катнашка чейин бир стакан суу ичип алыңыз. Бул экинчи кеңешти аткарууга жардам берет.

5. Жыныстык катнашка чейин жана кийин жыныс мүчөсүн жылуу суу менен чайкап коюу жетиштүү.

6. Нымдуу жана жылуу жер – бактериялардын көбөйүүсүнө идеалдуу. Андыктан, ич кийим эркин, денеге жармашпай, кыспай турган болушу керек.

7. Жыныстык катнашта “оюнчуктарды” колдоносузбу? Ар бир колдонгондон кийин жууп-тазалап туруу зарыл. Мындай “оюнчуктарды” башкалар менен алмаштырып “ойноого” болбойт.

8. Шеригиңизден жыныстык катнаш аркылуу жуга турган инфекцияларга анализ тапшыруусун өтүнүңүз. Кийин өкүнүп калганча алдын ала билип алган жакшы.

9. Ар бир алты айда адистин кароосунан өтүп туруу керек.