Ош шаардык кеңешине шайланган депутаттар мандат алып, кызматка киришти. Видео

2 августа 2021 Ош шаардык кеңешине шайланган депутаттар мандат алып, кызматка киришти. Видео

Ош шаардык кеңешине шайланган депутаттар мандат алып, кызматка расмий түрдө киришти.

Депутаттык күбөлүктү Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев жана Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Урмат Аттокуров тапшырды.

ВИДЕО

Иш-чарага калаа мэринин милдетин аткаруучу болуп барган Алмаз Мамбетов жана экс-мэр Таалайбек Сарыбашев дагы катышты.

Ош шаардык кеңешине 45 мандат каралган, бул орундарга жетүү үчүн 11-июлдагы кайра шайлоодо сегиз партия ат салышты. Натыйжада төрт партия жети пайыздык босогодон ашып жеңүүчү аталды.

Ага ылайык, "Ата-Журт Кыргызстан" партиясына - 19, "Биздин Кыргызстанга" - 15, "Улуттар Биримдигине" - 7 жана "Бир Болго" 4 мандат тийди.

Депутаттар саат 14:00дө алгачкы жыйынын өткөрүп, төраганы шайлоо күтүлүүдө.


sputnik