Шашылыш билдирүү! Шаршембиге чейин нөшөрлөгөн жамгыр жаап, сел жүрүшү ыктымал

2 августа 2021 Шашылыш билдирүү! Шаршембиге чейин нөшөрлөгөн жамгыр жаап, сел жүрүшү ыктымал

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызгидрометтин маалыматына таянып алдыдагы эки күндө сел жүрүү кооптуулугу бар экенин эскертти.

Шашылыш билдирүүдө 2-4-август күндөрү өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда күндүн көзү бузулуп, нөшөрлөп жаан жаай турганы айтылат. Буга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, мөңгүлөрдөн башталган дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.


sputnik