Баткенде 17 үйдүн короосун суу каптап, жолдор жуулуп кеткен. Селдин видеосу

2 августа 2021 Баткенде 17 үйдүн короосун суу каптап, жолдор жуулуп кеткен. Селдин видеосу

Катуу жааган жаандын кесепетинен Баткен облусунун бир катар айылдарында сел жүргөнүн ӨКМ билдирди.

ВИДЕО

Билдирмеге ылайык, 1-август күнү саат 21:30дар чамасында Алыш, Валакыш жана Кызыл-Булак айылдарында сел жүргөн.

Алдын ала маалымат боюнча, 17 турак үйдүн короосун суу каптап, ички чарбалык жолдор бузулуп, РЭС ишканасына караштуу төрт түркүк зыян тарткан.

Жеринде ӨКМ кызматкерлери иштеп, райондук комиссия тактоо иштерин жүргүзүүдө. Куткаруучулардан тышкары жергиликтүү тургундар тартылды.


sputnik