Утту! Акжол Махмудов жарым финалга чыкты. Беттештин видеосу

2 августа 2021 Утту! Акжол Махмудов жарым финалга чыкты. Беттештин видеосу

Кырызстандык балбан Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнөн чейрек финалдык мелдеште азербайжандык Рафиг Гусейиновду утуп алды.

ВИДЕО

Ал 77 килограмм салмак категориясында чыгып, атаандашын 9:1 эсебинде жеңди. Акжол Махмудов атаандашын таза артыкчылык менен утту. Биринчи эле бөлүктө эки жолу төрт упайлык ыкма жасап, мөөнөтүнөн мурда жеңишти камсыздады.

77 килограммда ат салышып жаткан балбан эми Олимпиаданын жарым финалында армениялык Карапет Чалян менен кармашат.


sputnik