Көтөрүп чапты! Акжол Махмудов Олимпиададан алгачкы жеңишин камсыздады

2 августа 2021 Көтөрүп чапты! Акжол Махмудов Олимпиададан алгачкы жеңишин камсыздады

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнөн алгачкы жеңишин камсыздады.

Ал 77 килограмм салмак категориясы боюнча килемге чыгып, Тунис өлкөсүнөн барган спортчу Ламджед Маафи менен 1/8 финалда күрөштү.

Натыйжада Махмудов 11:0 эсеби менен атаандашын жер каратты.

Муну менен кыргызстандык балбан чейрек финалга чыкты.

Акжол Махмудов 22 жашта, эл аралык класстагы спорт чебери. Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси. Апрель айында Алматыда өткөн турнирде Токио Олимпиадасына жолдомо уткан.


sputnik