9 секунд калганда жеңишти жулуп алды! Мээрим Жуманазарова чейрек финалга чыкты

2 августа 2021 9 секунд калганда жеңишти жулуп алды! Мээрим Жуманазарова чейрек финалга чыкты

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча Олимпиада-2020 мелдешинин чейрек финалына чыкты. Ал баштапкы этапта болгариялык Мими Николова Христова менен кез келип, 7:5 эсебинде утуп алды.

Мээрим 5:4 эсебинде утулуп жатып, акыркы секундада эки упай алып жеңишти илип кетти.

Эми кийинки этапта Мээрим азербайжандык Елиз Манолова жана нигериялык Блссинга Оборудуданын жеңүүчүсү менен таймашат.

Бул 22 жаштагы Мээрим Жуманазарованын алгачкы Олимпиадасы болуп саналат. Анын атаандашы 28 жашта, 2021-жылы Европанын чемпиону болгон. 2016-жылы өткөн Олимпиаданын катышуучусу.


sputnik