Сокулукта жөө адамды унаа коюп, денеси бөлүнүп кеткен

2 августа 2021 Сокулукта жөө адамды унаа коюп, денеси бөлүнүп кеткен

Бишкек — Ош жолунун Шопоков шаарындагы бөлүгүндө жол кырсыгы катталып, жөө адам набыт болду. Бул тууралуу Чүй облустук ЖКККБдан билдиришти.

Кырсык 31-июлга караган түнү саат 02:00дөр чамасында болгон.

"Volkswagen Golf III үлгүсүндөгү унаанын 22 жаштагы айдоочусу борбор калааны көздөй бара жатып 35-40 жаш чамасындагы кишини койгон. Окуянын кесепетинен жөө адамдын денеси бөлүнүп чачырап кеткен", - дешти милициядан.

Маркумдун ким экени тактала элек. Айдоочу Сокулук РИИБине жеткирилген. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.


sputnik