Айпери Олимпиаданын коло байгеси үчүн түркиялык Ясемин Адар менен таймашат

2 августа 2021 Айпери Олимпиаданын коло байгеси үчүн түркиялык Ясемин Адар менен таймашат

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча Олимпиада мелдешинин коло байгеси үчүн таймашуучу атаандашы аныкталды. Ал түркиялык Ясемин Адар болду. Адар бүгүн, 2-августта, көңүл жубатуучу беттеште Тунис өлкөсүнүн атлети Зейнеп Схайерди 2:0 эсебинде утту. Беттешти КТРК Спорт каналы түз алып көрсөттү.

Кыз-келиндердин байге үчүн беттештери кечки саат 17лерде болот.

Кыргызстандык спортчу кыз жарым финалда америкалык Аделина Мария Грейге татыктуу таймаш көрсөтүп, 2:3 эсебинде жеңишти алдырды.

Айпери чейрек финалды россиялык олимпиада чемпиону Наталья Воробьеваны 12:0 эсебинде таза техникалык артыкчылык менен утуп жарым финалга чыккан. Ал эми баштапкы этапта казакстандык Элмира Сыздыкованы 8:1 эсебинде жеңген.

Айпери Медет кызы 76 килограмм салмак категориясында ат салышып жатат. Бул анын алгачкы жолку Олимпиада мелдеши.


sputnik