Москвада КРден барган 49,8 млн. сомдук контрабандалык iPhone аэропорттон кармалды

30 июля 2021 Москвада КРден барган 49,8 млн. сомдук контрабандалык iPhone аэропорттон кармалды

Москванын "Домодедово" аэропортунда 396 даана декларацияланбаган Apple iPhone үлгүсүндөгү смартфон аныкталды. Бул тууралуу "Подмосковье сегодня" интернет-басылмасы учак жайдын маалымат кызматына таянып жазды.

Жалпы баасы 49,8 миллион (43 миллион рубль) сомду түзгөн телефондор Кыргызстандан барган. Мыйзамсыз жүк пландык текшерүү учурунда табылган.

"Бажы көзөмөлү учурунда Кыргызстандан юридикалык дарекке Apple үлгүсүндөгү 396 даана телефон келгени аныкталды. Мобилдик каражаттын базар баасы орточо эсеп менен 43 миллион рублди түзөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Товар декларациядан өткөн учурда Россиянын федералдык бюджетине чегерилүүчү каражаттын алдын ала суммасы 9,8 миллион сом (8,5 миллион рубль) болору белгиленди.


sputnik