Бишкек шаардык кеңешинде эки фракция оппозицияда калды

30 июля 2021 Бишкек шаардык кеңешинде эки фракция оппозицияда калды

Бүгүн ишин баштаган Бишкек шаардык кеңешинин коалициялык көпчүлүгү төрт партиядан куралды.

Алар — "Ата-Журт Кыргызстан", "Эмгек", "Ишеним" жана "Өнүгүү — Прогресс" фракциялары.

Көпчүлүк коалициянын лидери болуп Таалайбек Дайырбеков ("Ишеним" фракциясы), анын орун басарлыгына Олег Попиков ("Өнүгүү — Прогресс" фракциясы) бекитилди.

Ал эми "Ынтымак" менен "Социал Демократтар" фракциялары оппозицияда калды.

Бишкек шаардык кеңешине жаңы шайланган депутаттар бүгүн мандат алып жана ант берип, расмий түрдө кызматка киришти. Учурда жаңы чакырылыштын алгачкы сессиясы өтүп жатат.


sputnik