MegaCom компаниясы Улуттук банкка сатылышы мүмкүн. Себеби эмнеде?

30 июля 2021 MegaCom компаниясы Улуттук банкка сатылышы мүмкүн. Себеби эмнеде?

MegaCom соода маркасындагы "Альфа Телеком" Улуттук банкка сатылышы мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров парламентте мамлекеттин активдерин сатуу боюнча программа каралып жатканда билдирди.

Анын айтымында, учурда Улуттук банк сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар потенциалдуу кардар катары каралып жатат.

"Улуттук банк сатып алуучулардын бири катары чыгышы мүмкүн. Ал мыйзам долбоору дагы министрлер кабинетинин кароосунда. Эгер сатып алган болсо мамлекеттин мүлкү катары эле калат. Буга чейин сатуу аракети болуп, тилекке каршы, кардар чыккан эмес", — деди Бакиров.

Депутат Улугбек Ормонов мамлекеттик компанияны кайра мамлекеттик органга сатуунун логикасы түшүнүксүз болуп жатканын айтты.

Ал эми башкы банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бул боюнча расмий сунуш түшө электигин билдирди. Бирок эгер сунуш келсе карап, анализдеп көрүп тиешелүү чечим кабыл аларын белгиледи.

"Мен такыр түшүнгөн жокмун, бул эмне деген менчиктештирүү. Мүлк фонду башкара албай, Улуттук банкка берип жатабы? Менчиктин ээси ким болот?" — деп кайра сурады Ормонов.

Анда Абдыгулов мыйзам боюнча Улуттук банктын менчиги өкмөттүн менчиги болуп саналбай турганын билдирди.

Ал эми Бакиров Улуттук банктын бюджети өзүнчө экенин, эгер компанияны сатып алса каражат Республикалык бюджетке түшөрүн айтты.


sputnik