Үймө-үй кыдырып эмдөөдө вакцина бузулбайбы? Адистин жообу

30 июля 2021 Үймө-үй кыдырып эмдөөдө вакцина бузулбайбы? Адистин жообу

Республикалык эмдөө борборунун дарыгер-эпидемиологу Азим Кыргызбаев эмне себептен айрым аймактарда медиктер үймө-үй кыдырып вакцина сайып жаткандыгынын себебин түшүндүрдү.

Буга чейин айрым окурмандар медиктер коронавируска каршы вакцинаны үйлөрдү кыдырып сайып жүргөнүн айтып кайрылып, анын канчалык мыйзамдуу экенин сурашкан.

"Айрым айылдарда эмдөө пунктулары ачылган эмес. Ошол себептен мобилдик бригада элге үйлөрүнө барып вакцина жасап жатышат. Эмдөө пунктулары ФАПтын баарында уюштурулган эмес", — деди Кыргызбаев.

Ал үйлөрдү кыдырып эмдөө жасоодо вакцина кантип сакталып жатканын да түшүндүрдү.

"Вакцина термосумка, термоконтейнерлерге салынат. Алар ДССУ тарабынан текшерилген. Анын ичинде температура 2...8 градуска чейин болуп турат. Эгер анын капкагын ачпаса, вакцина үч күнгө чейин сакталат, эгер оозун ачса андагы вакцинаны 12 сааттын ичинде колдонуу керек. Бул эрежелердин сакталышын облустук, райондук иммунологдор текшерип турат. Алар термосумка, термоконтейнердин ичине электрондук термометр салып коёт. Ал баарын каттап турат, аны эч ким алдай албайт", — деди дарыгер.

Кыргызбаев мобилдик бригаданын курамында сөзсүз дарыгер болорун айтып, алар эмделе турган адамдын кан басымын, сатурациясын ченеп, макулдугун алгандан кийин гана вакцина жасай аларын эскертти.


sputnik