Чек ара боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөргө курал-жарак берип, ден соолугун камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору парламентте үч окуудан колдоо тапты.
Демилгечилердин бири депутат Абдывахап Нурбаев бул кызматка жергиликтүү тургундардан тартуу алда канча пайдалуу экенин билдирди.
"Бишкектен ошончо армияны алып баргандан көрө ошол жерде жашагандарды даярдап, окутуп койсоңор, каражат дагы үнөмдөлөт, алар жердин шартын дагы жакшы билет", — деди депутат.
Чек ара кызматынын директорунун орун басары Нурлан Тыналиев бул мыйзам күчүнө кирсе, Баткен облусуна чек ара боюнча ыйгарым укуктуу 200 өкүлдү кызматка алуу пландалып жатканын билдирди.
Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаттары Абдывахап Нурбаев, Исхак Пирматов, Жанар Акаев, Мирлан Жеенчороев, Алтынбек Сулайманов, Карамат Орозова жана Улукбек Садиков сунуштаган.
Мыйзам долбоорунда чек ара ыйгарым укуктууларынын укуругун узартууну, анын ичинде жылына эки жолу окуудан жана аскердик даярдыктан өткөрүү, ок атуучу курал колдонуу укугун берүү каралган. Ошондой эле алардын өмүрүн жана саламаттыгын аскер кызматчыларынын даражасында мамлекеттик камсыздандырууга кепилдик берилет.
Чек ара боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр эмне иш кылат?
Алар чек араны кайтаруу чөйрөсүндө мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп саналат. Бул кызматка чек арага чектеш райондордо туруктуу негизде жашаган жана чарба иштери менен алектенген адамдар эмгек келишимдин негизинде алынат.
Чек ара боюнча ыйгарым укуктуу адамдар барууга кыйын, алыскы жана начар корголгон тилкелерде мамлекеттик чек араны ыкчам коргоо жана чек арачыларга кызматтык-күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда көмөктөшүү үчүн тартылат.