Баткендиктер үйлөргө али кире элек. Өкмөт кечигүүнүн себебин түшүндүрдү

29 июля 2021 Баткендиктер үйлөргө али кире элек. Өкмөт кечигүүнүн себебин түшүндүрдү

Экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев Баткен облусунда тажик тараптын куралдуу кол салуусунан талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери эмнеге кечеңдеп жатканын айтты.

Бүгүн парламентте депутат Рыскелди Момбеков президент турак жайларды эки айда куруп бүтүүнү убадалаганын айтып, аткаминерлердин ишин сынга алды.

"Эки айдын ичинде курулуш иштери бүтүп, үйүнө кирет деп убада бербедиңер беле, үч ай болду. Президенттин тапшырмасын аткарган жоксуңар. Каражатты убагында которгон жоксуңар. Алты айлык бюджетти 560 миллион сом профицит менен чыктык деп жатасыңар. Анда Баткенге бербейсиңерби ошол акчаны. Ниетиңер да, программаңар да жок. Тажикстан үйлөрдү куруп жарандарын киргизип койду", — деди Момбеков.

Иманалиев мунун себеби түркиялык үй куруу боюнча адистер кечигип келгенине байланыштуу экенин айтты.

"Адистердин келишине байланыштуу эле курулуш иштери кечеңдеп калды. Бирок учурда салына турган 140 үйдүн 60ы курулуп бүттү. Ал эми 15ине жарандар кирип жашай баштады. Мындай турак жайлар тез арада чогултулуп жасалат, калганын тез арада бүткөрөбүз", — деди министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик жаңжалынан кийин президент Садыр Жапаров Баткенге барып, жергиликтүү тургундарга турак жайларды эки айда куруп бүткөрүүнү убадалаган.


sputnik