Израилде боюнда бар ымыркай төрөлүп, дарыгерлер себебин түшүндүрдү

29 июля 2021 Израилде боюнда бар ымыркай төрөлүп, дарыгерлер себебин түшүндүрдү

Израилде ич көңдөйүнө түйүлдүк байланып калган ымыркай жарыкка келди. Бул тууралуу чет элдик сайттарга таянуу менен "Комсомольская правда" жазды.

Дарыгерлер мындай учур жарым миллион кишинин бирөөсүндө кездешерин айтышкан.

"Жаңы төрөлгөн баланын ичи бир башкача чоңоюп турганын байкаган ак халатчандар ультра үндүү изилдөө жүргүзүп, андан кийин шашылыш түрдө операция жасалып, түйүлдүктү алышкан. Дарыгерлердин айтымында, патологияга эгиздердин жатынындагы туура эмес өрчүшү себеп болушу мүмкүн. Анда түйүлдүктөрдүн бири экинчисинин денесине жабышып калып, өсүүсүн уланта берет", — деп жазылган макалада.

Учурда эне-баланын абалы жакшы, наристе операцияны жеңил көтөргөнү айтылат. Ооруканадан үйүнө чыгарылган.

Sputnik Казакстан агенттиги ушундай эле учур 2019-жылы Алматыда болгонун жазды. Дарыгерлер анда ымыркай кыздын денесинен түгөйүн алып, өзүн сактап калышкан.


sputnik