Дарыгер бөйрөктөгү ташты пайда кылчу азыктарды атады

29 июля 2021 Дарыгер бөйрөктөгү ташты пайда кылчу азыктарды атады

Дарыгер жана алып баруучу Александр Мясников бөйрөктө таштын пайда болуу коркунучун жогорулаткан азыктарды санап берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ал белгилегендей, малдын майы көп болгон азыктар, анын ичинде эт, ошондой эле туздуу жана таттуу тамактар кальций таштарын пайда кылат.

"Грейпфрут ширесин жакшы көрүп ичкендерге айтарым, анын курамындагы C витамини организмде көп болсо таштын пайда болушун шарттайт", — деген Мясников.

Ошондой эле дарыгер бул тизмеге шпинат, ашкөк жана жаңгакты киргизген. Ал азыктарда оксалат бар болгондуктан ченеми менен колдонууну айткан.

Бөйрөктө таштын пайда болушуна айрым дарылардагы кальцийден болушу себеп экендигин кошумчалаган.


sputnik