COVID инфекциясын 996 адам илештирип алды. 28-июлга карата статистика

28 июля 2021 COVID инфекциясын 996 адам илештирип алды. 28-июлга карата статистика

Пандемиядан бери өлкөдө 160 миңден ашуун кишинин ооруганы расмий тастыкталып, анын дээрлик көбү айыкты. Ал эми Бишкекте инфекцияны жугузгандар азайбай келет.

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирусту 996 адам жуктурду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

Бишкек — 603;

Ош шаары — 9;

Чүй — 126;

Ош — 26;

Талас — 12;

Нарын — 14;

Ысык-Көл — 56;

Жалал-Абад — 92;

Баткен — 58.

Пандемиядан бери 160 085 кишиден вирус расмий аныкталды. Ал эми бир сутка ичинде 1 723 адам айыгып, жалпы ооруну жеңгендер 140 039 болду.

Стационарда 3 928, амбулатордук түрдө 12 528 бейтап дарыланып жатат.

sputnik