Жерди коркунучка кептеген астероиддер көп. БУУнун эскертүүсү

28 июля 2021 Жерди коркунучка кептеген астероиддер көп. БУУнун эскертүүсү

Ушул жылдын 17-апрелине карата илимпоздор Жер планетасына жакын 25 миңден ашуун объект тууралуу кабардар болушкан. Астрономиялык обсерваториялар аларга байкоо салып келет.

Адамзат адатта Жердин орбитасын кесип өткөн жана ири делген астероиддер менен кометалардын 40 пайызын гана билет, бирок бүгүн мындай объектилердин 25 миңден ашык экени белгилүү болду. Бул тууралуу РИА Новости БУУнун Илимий-техникалык комитетинин отчётуна шилтеме берип жазды.

"Жерге жакын объектилердин болжол менен 40 пайызы гана аныкталган деген маалымат бар", — деп айтылат комитеттин отчётунда.

Документте 2020-жылы 40тан ашык мамлекетте жайгашкан астрономиялык обсерваториялар тармагы астероиддер менен кометаларга байкоо жүргүзүп, дээрлик 39,5 миллион маалыматты жаздырып алганы белгиленет.

2021-жылдын 17-апрелине карата илимпоздор Жерге жакын болгон 25 647 объект тууралуу кабардар болушкан. Былтыр ушундай 2 959 объект табылып, рекорддук санга жеткенин кошумчалашкан.

sputnik